Баткен, “Саясат.kg”. Баткен облусунун Лейлек районунда кыргыз-тажик чек ара кызматтарынын биргелешкен жыйыны өткөрүлдү.

 

Жолугушууда маалында Кыргызстандын Чек ара кызматынын төрагасы Мирбек Касымкулов менен Тажикстандын Чек ара аскерлеринин кол башчысы Ражабали Рахмонали чек арадагы кырдаал жана чыр-чатактарды алдын алуу, азайтуу, ошондой эле биргелешкен иш-чараларды күчөтүү тууралуу бетме-бет сүйлөшүштү.

 

Жыйын убагында быйлкы январь айынын соңунда Баткен районунун Көк-Таш айылында эки өлкө жарандары ортосунда келишпестик болуп, ал таш атышууга чейин жеткендиги,  жаңжал маалында бир турак жай жана төрт унаа жабыр тартканы дагы кайрадан айтылды. Кыргызстандын Баткен аймагындагы коңшулаш Тажикстандын чек ара конуштары менен кыргыз айылдарынын ортосундагы маал-маалы менен орун алып келаткан чыр-чатактар  Бишкек менен Дүйшөмбүнүн шайын оодарып келаткан чагы. Ошондуктан, аталган аймакта чек ара тилкелеринин такталбаганы жана талаштуу жерлердин көп экени жаңжалдардын негизги себеп экендиги баса белгиленди.

 

Кыргызстандын чек ара кызматы былтыр кыргыз-тажик чек арасында ар кандай өңүттөгү алты чатак катталгандыгын билдирди. Бул өткөн жылдарга салыштырганда чыңалуу кыйла эле басаңдагандыгын ырастайт. Анткени, өткөн жылдарда ок атышууга чейин жеткен фактылар жүз берген. Эки өлкөнүн чек ара кызматтары мына ушул маселелерди алдын алуу жагын дагы кеңири сүйлөшүштү.

 

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз

Темы: