Бишкек, "Саясат.kg". Бишкекке ташылып келинген көмүрдүн радиациялык фонун өлчөө жана сапатын аныктоо боюнча рейд жүргүзүлдү.
Бишкекке ташылып келинген көмүрдүн радиациялык фонун өлчөө жана сапатын аныктоо боюнча рейддик иш-чара өттү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.
Анда айтылгандай, 26-январда рейддик иш-чара шаардын Ленин жана Биринчи май райондорунда, ошондой эле Чүйдүн Аламүдүн районунда көмүр сатылуучу жайларда өткөрүлдү.
Текшерүүнүн жүрүшүндѳ министрликтин айлана-чөйрөгө мониторинг департаментинин инспекторлору тарабынан тиешелүү изилдөөлөр үчүн көмүрдүн үлгүлөрү алынды.
Ал эми Бишкек шаардык башкармалыгынын адиси көмүрдүн радиациялык көрсөткүчүн текшерип, тиешелүү нормадан жана белгиленген көрсөткүчтөн кыйла төмөн экени аныкталды.